КАЗАКТЫН БИР ЗАЛКАР УУЛУ КЕЛАТАТ!

КАЗАКТЫН БИР ЗАЛКАР УУЛУ КЕЛАТАТ!

Қырғызстанның халық ақыны Марқабай Аматов қазақтың көрнекті ақыны Қазыбек Исаның Мемлекеттік сыйлыққа ұсынылған "Сыртолғау" кітабы жайлы мақала жазып, ағалық ақ тілеуін арнады.

Аталмыш мақала Қырғызстанның "Эркин-Тоо" мемлекеттік газетінде жарияланды.

"Қазақ үні" ақпарат агенттігі бауырлас қырғыз жұртына, қырғыздың ел ақыны Марқабай Аматовқа зор ризашылығын білдіріп, осы сүбелі пікірді оқырманға ұсынуды жөн көрді.

***

Чыгармачылыкка өмүр арнаган тагдыр жолумда артыма кылчая карасам, адабият алптары Чынгыз Айтматов, Олжас Сулейменов, Сабит Досанов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбековдордун назарына илинип, адабий-алака катыштарда боордош казак калкынын ашкере таланттуу уулдары Иран Гайып, Улукбек Есдаулетов, Касымхан Бегмановдор менен болуп, канаттуу ырларын кыргыз тилине которуптурмун. Алардын катарын мына дал бүгүн адабият тармагындагы Абай атындагы Казакстан Мамлекеттик сыйлыгын изденип алууга талапкер болуп көрсөтүлүп аткан аттын кашкасындай таанымал акын, Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казак Республикасыныны Парламентинин Мажилис депутаты, Казакстан Жазуучулар Союзунун Башкармалыгынын катчысы Казыбек Иса толуктаптыр.

       Казыбек Иса экөөбүздү алгач менин ага досум, Шолохов атындагы Эл аралык(мурдагы Лениндик) сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казак Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Сабит Досанов тааныштырган. 

       Эсил кайран СССР мамлекети кыйрап, мурдагы он беш союздук республикалар өз алдынча түндүк көтөрүп эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин да биздин чыгармачылык байланыштарыбыз үзүлбөй уланып келгендигин мен канаттануу менен белгилейм. Казыбек Иса кыргыз жерин, элин ошол устаты Сабит Досанов менен кошо келип аралап, өз ара алакабызды чыңдап жүргөнүн жашырып не!.. Ал тургай жоон топ калемгерлердин ичинде менин 65 жылдык маараке тоюма да келип катышып, Казак Республикасынын Парламентинин “Ак жол” партиясынын абройлуу медалын, арналуу куттуктоо катын тапшырганы али да эсимде.

        Эми Казыбек Иса деген казак акыны ким, анын өнүп-өскөн тамыр башаты, өмүр жолу тууралуу азыноолак кеп салып бербесем, окурман журту үчүн маалыматтык алешемдик кетирип коёрумду сезип турам.

       Казыбек Иса 1962-жылы 23-апрелде Түркстан облусунун Жети-Сай районуна(мурдагы Киров району) караштуу 1-май айылында жарык дүйнөгө келген. 1969-жылы Шардара районундагы Кошсейит айылындагы мектепке барып, 1979-жылы Кызыл-Кум орто мектебин аяктайт. 1984-жылы Алматы калаасындагы Абай атындагы педагогикалык институтунун (учурда КазУПУ) көркөм сүрөт-графика факультетин бүтүргөн соң, эмгек жолун өзү окуп бүтүргөн Кызыл-Кум орто мектебинде баштайт. 1991-жылы Алматыдагы алгачкы демократиялык басылма – “Жаш казак” гезитинин бөлүм башчысы, 1993-жылдан “Өркөн” гезитинин башкы редактору болсо, 1998-жылдан “Казакпарат” басма корпорациясынын вице-президенти катары кызмат өтөйт. 

2009-жылы “Жаш казак үнү” гезитинин башкы директору, редакторлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенет.

       Казыбек Иса 2012-жылы Казак Парламентинде орчундуу орду бар “Ак-жол” демократиялык партиясынын төрагасынын орун басарлыгына, 2019-жылы Казак Республикасынын Президентинин Улуттук коомдук ишеним Кеңешинин мүчөлүгүнө, 2023-жылы Казакстан Жазуучулар Союзунун Башкармалыгынын катчылыгына шайланат.

       Эми Казыбек Исанын чыгармачылык жемиштүү жолу тууралуу да сөз кылганыбыз оң болор:

       Казыбек Иса 1995-жылы жарык көргөн Керимсел” аттуу китеби менен эле адабият ааламына дагы бир таланттуу инсан келгендигин шардана кылган. Анын андан кийин “Кызыл жылгын” (2002), “Таттуу чөл (2008), “Сырымды айттым талаага”(2019), “Сыр толгоо”(2022) ж.б. ыр жыйнактары анын ысымын Казакстандын аймагынан да алыс чыгарып, учурда башка элдердин тилдерине байма бай которулуп келе жатат. Муну акындын 2017-жылы ЮНЕСКОнун “Ааламдык Өнөр жана маданият Академиясынын Академиги болуп шайланышы таасын айкындап турат.

        Казыбек Иса Парламент депутаты катары Казакстан Парламентинин Мажилисинин улуу жыйындарында мамлекеттин бүтүндүгү, эл, жер, мамлекеттик тил ж.б. көйгөйлүү маселелерди тайманабай тикесинен коюп, ачык айтып турган чыныгы элдин уулу, патриоту катары өз бейнесин журт алдында таасын көрсөтө алды.

        Ал эл-журтуна жана казак адабиятын өнүктүрүүгө кошкон ири салымы жана сиңирген эмгеги үчүн “Хурмет” (2011), “Парасат” ордендери менен сыйланып, “Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери” ардак наамына(2023) татыктуу болуп отурат.

        Казыбек Иса казак эли үчүн каруусун казык, рух жигерин азык кылып астейдил эмгектенип келүүдө.

        Анын 2024-жыл үчүн адабият тармагындагы Казакстандын Абай атындагы мамлеттик сыйлыгын изденип алууга жасаган аракети кыргыз калемдештеринин да кеңири колдоосуна татый тургандыгын да баса белгилеп кетким келет.

        Казыбек Иса патриоттук, чыныгы аттулдук ырларынын биринде:

        “Маңдайын күнгө күйгүзгөн.

        Таманын ташка тилдирген,

        Кайран эл, казак акысын,

        Кайтаруу үчүн жүрмүн мен!” - деп мынабу жалган дүнүйөдөгү чыныгы акындык парзын окурман алдында шардана кылат. Ооба, мээнеткеч, карапайм калың элдин көңүл көйүндөгү ниет-тилегин, абалтан берки ой-максатын акын уулу айтпаганда ким айтат?!. Аны элдин эсебинен байып, бийлик сересине чыгып алган ой парасаты төмөн көрпенделер эч качан айта алышпайт!.. 

Эл-жерим деп күйүп-жанып, эргүү сезими кыраан куштай көккө атылып чыккан акын айылын сагынып-сагынып бир кайрылып келгендеги учурун:

       “Күрөш жолдо ниетиме жетейин деп,

       Тагдырыңды талашып чечейин деп

       Чарчаганда, ата журт, сага келдим,

       Маңдайымдан сылатып кетейин деп!..” – деген керемет саптарын жазат!..

       Ооба, күрөш-жолдо жүргөн күжүрмөн уул чарчап-чаалыкпай койбойт. Анда ал ак, карага, адилеттик менен караөзгөйлүккө сөзсүз жолугат, бирде жеңет, бирде жеңилет. Дал ошондо кайрылып бир келген акынга туулган жери, ата журту алдыда турган күрөш-жолго кайрат, кубат, дем берет. Муну акын көрсөм сөз боёктору менен шөкөттөлгөн учкул саптары аркылуу таасын бере алган.

      Казыбек Иса махабат саптарын да кемелине келтире жазган ашкере таланттуу акын. Ал “Өмүр -өзөн” деген ырында:

       “Аркы өйүздөн тапкандан соң айымын,

        Күнү бою ага жетүү жайы – муң,

        Өзөнгө да, өрөөнгө да баталбайт

        Кайыкчы чал калтырбаса, кайыгын...

        Улуу Сырдын бир жээгине жабышып,

        Отурат ал кеткен сыңар багы учуп,

        Бир күн менен бүтпөстүр деп бул өмүр

        Жубаткансыйт толкундар да жарышып...” – деп Сыр дайрасынын аркы өйүзүндөгү ашыгына жетүү амалы жок бозойдун ички абалын керемет туюндуруп жазат. Эгер, гезиттик макаланын көлөмү чектелүү болбогондо, акындын сыйкырдуу саптарын талдап айтаар сөзүбүз арбын эле!

        Акын биздин доордун азыркы учурун ыр менен таасын чагылдырып:

        “Ашаарбыз биз да бир белес,

        Акыйкат сүйлөөр келди күн,

        Акимин эмес, жакынын эмес,

        Акынын издээр эл бүгүн!..” – деп мезгилдин кашкайган чындык сөзүн айтат. 

        Ооба, казак элинин жакшылары Казыбек Исанын учкул канат поэзиясына адилет баасын берип, Абай атындагы мамлекеттик адабий сыйлыгына татыктуу деп табаарына ишенгим келет!

        Менимче, ал чыныгы таланттуу, доорубуздун залкар акыны!

        Сөзүмдү Казыбек Исанын каламдаш, таламдаш, замандаш агасы катары өзүмдүн бир куплет ырым менен тыянактагым келет:

        Атак даңкы билем, бийик бел ашат,

        Көралбастар аташпаса, эл атап,

        Жүр, тосолу, сыймык менен алдынан,

        Казактын бир залкар уулу келатат!

        Бар, бол Казыбек иним!

        Адабият айдыңындагы ийгиликтериңе ар дайым ортоктош болуу ниетим менен, -

        Марк-Абай Ааматов, Кыргыз Республикасынын Эл акыны