МЫРЗАШӨЛДЕГІ СУ ТАСҚЫНЫНА ҚЫРҒЫЗ АҚЫНЫ ДА ҮН ҚОСТЫ

Өзбекстандағы Сардоба су қоймасының жарылуына байланысты Түркістан облысы Мақтарал ауданының 10 ауылын су басып қалып, 22 мыңнан астам адам эвакуацияланды.

Мырзашөл халқының басына төнген ауыр апат туралы қазақтың белгілі ақыны, ҚР Президенті жанындағы Ұлттық Кеңес мүшесі Қазыбек Исаның "МАҚТАРАЛДАҒЫ ЖАҒДАЙ ҚИЫН, ПРЕЗИДЕНТ МЫРЗА!" атты мақаласына өзіміздің елмен қатар Қырғыздың Ел ақыны Марқабай Ааматов та жырмен үн қосып, өзінің фейсбук парақшасына жариялапты. "Ақынның аузына сөзді Алла салады" дегендей, біз Қазақ Еліне Алатаудың ар жағынан ақ тілегін жеткізген ақ қалпақты ағайын елдің көрнекті ақынына ыстық ықыласымызды білдіре отырып, оның жазбасы мен жүректен шыққан жырын жариялап отырмыз.

Маркабай ААМАТОВ, Кыргыз Эл акыны:

Казыке, досум, эл башына кырсык келгенде катары менен келет тура, бир жагынан таажы ылаңы боордош элдерди азаптап атса, экинчи жагынан Өзбекстандын, Казакстандын аймактарын суу каптаганы чон кырсык болду, элдерибиз бул апааттан эртерээк чыгып кетсе экен. Бизде да Лейлек, Аксы райондорун сел каптап атат...

Мен бул ак ниетимди, тилегимди ырга салып сенин макалаңды окугандан кийин жаздым, Казыке. "Ааламдан жарака кетсе - акындын жүрөгү аркылуу" өтөт" деген сөз бар эмеспи... "Сардоба" суу кампасынын жарылышы - жүрөгүбүздүн жарылышына окшоп барат... Жер жарааты, эл жарааты тезирээк айыкса экен, Мындайда журт башчылары, эл башчылары мурдагыдан да тыгыз баш кошуп, ынтымакта, биримдикте апаат кырсыгын жоюуга киришет деген ишенимдемин... Орто Азиябыздын асманы ачык болсун!

БООРДОШ ЭЛДЕРГЕ АК ТИЛЕК…

Адамзат таба электе дабаа дары, Ааламды таажы ылаңы аралады, Жарылып суу сактагыч «Сардобада» Алаамат келди коштоп жана дагы!..

Жок менин туйгусу жок таштай жаным, Өзөктү өрттөп барат батпай жалын, Суу басып өзбек менен казак жерин, Сел жууду Лейлек менен Аксы аймагын!..

Мынчалык тооруп кырсык эх, неге эле, Жамандык жалмап атат четтен эле, Эл-журтка курмандыкка чалып жанын, Элмирбек, Зайырбектер кетсе деле?!.

Кайт эми эл башынан таажы ылаңы, Табылаар даба болор дары дагы, А бирок ынтымакты ырдап өткөн Айтылуу асыл уулдар табылабы?!.

Тамырдан көктөйт дарак сынса дагы, Ачылсын бажырайып ыр чанагы. Адамзат тарыхында арман болуп. Эки миң жыйырманчы жыл калабы?!

Бой тосуп кырсыктарга тоо сыңары, Мүшкүлдө жөлөп, таяп кошунаны, Ээрчиген апааттарды жеңиш үчүн, Бир болуп боордош элдер кошулалы!..

Туш кылба алааматтын мазагына, Туш кылба бу Жалгандын азабына, Медет бер о-о, Жараткан кыйын күндө, Бир тууган кыргыз, өзбек, казагыңа...

Кызыл-Суу, 04.05.2020-ж., түнкү 00.41