Марк-Абай. КАЗАК, КЫРГЫЗГА УЯТ

  Бул күндө тетир баскан кадам уят, Керсейип берер-бербес салам уят, Бузулса саясаттан мамилебиз, Көпүрө болсо кана, адабият!.. Жол буулуп, катташпасак жаман, уят, Көк челген аппак тоолор, талаам, уят, Чертилип комуз менен домбурабыз, Көпүрө болсо кана, маданият!.. Жетишет таарынчыбыз, тамам, уят, Сүйүшкөн кызың менен балама уят, Бул жорук кайда алпараар экен деген, Капилет пайда болгон санаама уят!.. Чек ара билбей учкан куштарга уят, Кечээги Чынгыз менен Мухтарга уят, Тирешип казак, кыргыз калыптыр деп, Бул сөздү алыс-жуукта укканга уят!.. Дос, тууган болуп өткөн карттарга уят, Татыктуу уланбаган жаштарга уят, Тымпыйсак – Сабит менен Улукбекке, Унчукпас Маркабайга, Акбарга уят!.. Казагым, талааңдай кең, бол асмандай, Кыргызым, бийик болгун, зоор, аскаңдай, Жол ачсак чек арадан алгачында – Болорбуз жүрөктөргө жол ачкандай!    Марк-Абай, Бишкек, 3.12.2017-ж.